Кыргыз делегациясы биринчи Каспий экономикалык форумунун ишинде катышты

Кыргыз делегациясы биринчи Каспий экономикалык форумунун ишинде катышты

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу  мамлекеттик комитетинин (мындан ары – Мамлекеттик комитет) төрагасынын орун басары Ж.Сагынбаев башында турган кыргыз делегациясы 2019-жылдын 9-августунан 14-августуна чейин Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана кызматташууну өнүктүрүү маселелерин иштеп чыгуу үчүн Түркмөнстанга барды.

Делегациянын курамына Мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, энергокомпаниялардын жетекчилери жана өнөр жай чөйрөсүндөгү ишкерлер, анын ичинде жеңил өнөр жай, машина куруу, таш-кайра иштетүү жана башка тармактардын ишкерлери кирди.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын  Вице-премьер-министри З. М. Аскаров башында турган кыргыз делегациясы 2019-жылдын 11-12-августунда Түркмөнбашы шаарындагы "Аваза" Улуттук туристтик зонасында өткөрүлгөн биринчи Каспий экономикалык форумунда жана Каспий өлкөлөрүнүн (Түркмөнстан, Россия, Иран, Азербайжан, Казакстан) өнөр жай азыктарынын көргөзмөсүндө катышты.

Каспий экономикалык форуму Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун демилгеси менен түзүлгөн жана ал кабыл алынган келишимдерди жүзөгө ашырууда жана Каспийде кызматташтыкты мындан ары бекемдөөдө маанилүү болуп саналат.

Кыргыз делегациясы көргөзмөдө каспий өлкөлөрүндө, анын  ичинде Түркмөнстанда өндүрүлгөн буюмдар менен таанышып, бизнес  байланыштарын түзүү үчүн бизнес жолугушуулар өткөрүлдү.

Энергетика жаатында кызматташтыкты алдыга жылдыруу иш аракеттердин алкагында жана электротехникалык өндүрүш тармагында кызматташуу маселелерин талкулоо максатында кыргыз делегациясы газдын негизинде мунай заттарын өндүрүү боюнча заводунун, “Алагеум” Концернинин (Казахстан Республикасы) жана “СВЕЛ” АУнун (Россия Федерациясы) стенддери менен таанышты.

Текстиль өнөр жай жаатында кызматташтыкты алдыга жылдыруу иш аракеттеринин алкагында тигүү тармагынын өкүлдөрүнүн «Айко-Сейко» ЖЧК (атайын кийим өндүрүү) жана «Са Бо Текстиль» ЖЧК (кийим өндүрүү) өзгөчө кызыкчылыгын түркмөн өндүрүүчүлөрдүн пахта кездемелери туудурду. Ишкерлер Кыргызстанга кездемелерди импорттоо маселелерин мындан ары иштеп чыгуу үчүн байланыш маалымат менен алмашышты. 2010-жылы ишке киргизилген Рухабад текстиль комплексинин кездемелеринин үлгүлөрү алынды.

Түркмөнстандын жеңил өнөр жайы бүгүнкү күндө Түркмөнстандын экономикасынын экспортко багытталган негизги тармактарынын бири болуп эсептелет.

Өндүрүлгөн текстиль продукциясынын 70-80 пайызы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттолот, бул: Канада, Германия, Англия, Россия, Италия, Түркия, Кытай, Украина ж.б.

Кыргыз делегациясынын Түркмөнстанга болгон сапардын алкагында Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Ж.К.Сагынбаевдин Түркмөнстандын Энергетика министрлигинде энергетика тармагында кызматташуу маселелерин талкулоо максатында жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу Түркмөнстандын «Туркменэнерго» мамлекеттик электрэнергетикалык корпорациясы жана «Туркменнефть» улуттук компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Комитеттин төрагасынын орун басары Ж.К.Сагынбаев түркмөн тарабын 2019-жылдын сентябрь айынын ортосунда боло турган Өкмѳттѳр аралык кыргыз-түркмөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын (ӨАК) 4-жыйынына даярдык көрүү боюнча билдирип,  эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча чараларды кабыл алуу жана ӨАК Протоколуна кыргыз-түркмөн мамилелерин алдыга жылдыруу боюнча конкретүү демилгелерди жана сунуштарды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана Түркмөнстандын Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга ӨАК жыйынын жүрүшүндө кол коюуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушууда Тараптар Түркмөнстандан Кыргызстанга газ, электрэнергиясы жана мунай заттарды ташуу боюнча эки өлкөнүн кызматташуу перспективаларын талкуулашты.

  2019-жылдын 12-августунда Туркмөнбаши шаарында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Ж.К.Сагынбаевдин Түркмөнстандын Өндүрүүчүлөрдүн жана ишкерлердин союзунун төрагасы -Өкмѳттѳр аралык кыргыз-түркмөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын түркмөн тарабынын төрагасы А.Дадаев менен жолугушуусу болуп өттү.

Ж.К.Сагынбаев биринчи Каспий экономикалык форумунун ишинде катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, аталган иш чара жогорку денгээлде уюштурулганын жана өткөрүлгөнүн белгилеп өттү.

Тараптар 2019-жылдын сентябрында боло турган Өкмѳттѳр аралык кыргыз-түркмөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын (ӨАК) 4-жыйынына даярдык көрүү маселелерин жана ӨАК жыйынынын жүрүшүндө спорт боюнча иш чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Тараптар Бишкек шаарында соода үйүн жана турак жай комплексин куруу, радиаторлорду жана айыл чарба техникасы боюнча биргелешкен ишканананы же чогултуу өндүрүшүн уюштуруу, Кыргызстанга молибденди импорттоо боюнча кызматташуу маселелерин  талкуулашты.