Ички кадрлар резервинде турган жактар үчүн конкурс

Ички кадрлар резервинде турган жактар үчүн конкурс

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобосунун 4-бөлүмүнө ылайык буйрук кылам:

1.Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ички кадрлар резервинде турган жактар үчүн төмөнкү административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс өткөрүлсүн:

Жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башкы адиси – 1 бирдик;

Укукту камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси – 1 бирдик.