Жеңил өнөр жайы үчүн адистерди даярдоо максатындаиш берүүчүлөр жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча Координациялык советинин жыйыны

Жеңил өнөр жайы үчүн адистерди даярдоо максатындаиш берүүчүлөр жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча Координациялык советинин жыйыны

Ушул жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде жеңил өнөр жайы үчүн адистерди даярдоо максатындаиш берүүчүлөр жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча Координациялык советинин жыйыны өттү.

Бул жолугушууда Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканалар бирикмесинин “Легпром” Ассоциациясынын өкүлдөрү, Эл аралык соода борбору (ITC), КРӨБилим берүү жана илим мнистрлигинин баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү агенттиктин, жогорку кесиптик-техникалык билим берүү жана тигүү ишканаларынын жетекчилери катышкан.

Бүгүнкү күндө жеңил-өнөр жайды андан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири бул кадрларды даярдоо, жеңил өнөр жай ишканаларында бүгүнкү күндө 200 ашуун адам эмгектенет.

Бул жыйында 2019-жылга Координациялык советтин иш планы жанакадрларды даярдоо боюнча көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Координациялык советтин негизги максаты тажрыйбалуу жумушчулар, жумуш берүүчүлөр жана алардын төмөн квалификация жана талаптарын жетишсиздиги менен байланышкан көйгөйлөрдү жоюу үчүн жеңил өнөр жай тармагында иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмин, ошондой эле жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин өнүктүрүү болуп саналат.