Кытай компаниясы электроавтобус куруу тармагына каражат салууга ниети бардыгын билдирди.

Кыргыз  Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрөгасынын орун басары Жиргалбек Сагынбаев Liaoning Qianfeng New Energy компаниясынын төрагасы Фрэнк Сю жана Лили Лю менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда кытай компаниясынын өкүлдөрү электравтобус куруу тармагына каражат салууга ниети бардыгы жөнүндө билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары, Ляонинь провинциясындагы ишканалар жөнүндө айтып беришти жана электрдик транспорт үчүн компоненттерди өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын ишканаларынын катышууга даярдыгы тууралуу маалымат алышты.

Ошондой эле Жиргалбек Сагынбаев тарабынан өнөр жай жана энергетика тармагындагы өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу конкреттүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Мындан сырткары төрөганын орун басары Кыргыз Республикасынын Евразия бирлигинде болгонун, анын рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүгү бардыгын жана арзан электрэнергия жөнүндө мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кытай тарап Ляонин провинциясындагы ЛИБ жана электравтобус чыгаруу Liaoning Qian feng New Energy компанияга,өндүрүү процесси менен таанышууга келип кетүүгө чакырды.