Тегерек стол өткөрүлдү. 

Энергетикалык сектор:мыйзамдар маселелери жана өнүктүрүүнүн келечеги.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси боюнча Комитети жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тегерек стол өткөргөн, тегерек столдун катышуучулары энергетикалык сектордундун азыркы абалын, көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкууга алышты.

Иш чарага депутаттар, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитети, энергия компаниялардын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, КР ӨЭЖП МК, ОЭКМА жана башка мамлекеттик бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү ошондой эле, көз карандысыз эксперттер Умбеталиев Расул, Мамбетов Базарбай жана башкалар катышкан.

Тегерек столдо өлкөнүн энергетикалык секторунун келечектери талкууланган: энергия тармактарды кайра түзүү, тарифтик саясат, ЕАЭБ шарттарында электр энергия рыногун түзүү, ЭКБ көйгөйлөрү, энергия натыйжалуулук жана энергияны үнөмдөө, энергетикалык коопсуздук, мыйзам жаратуу жана энергия секторунда тутумдук коррупцияны демонтаждоо.

Тегерек столдун жүрүшүндө КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жектекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов төмөндөгүлөрдү белгиледи: “Коомдун тынчын алган эң  негизи – бул тариф. Премьер министрдин позициясы – энергия секторун натыйжалуу башкарылбаса жана электр энергиясы ачык эсептелбесе, тарифтерге өзгөрбөйт. Биз биринчи ылайыктуу чечим кабыл алышыбыз керек, кандай жолдор менен энергетиканы натыйжалуу башкаруу керек, коомчулука электр энергиясын эсептөө милдеттүү деңгээлде жүрүп жатканын көрсөтүү керек, ошондо тарифтер боюнча маселелер чечилет!”.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча энергия тармактарын туруктуу жана стабилдүү өнүктүрүү үчүн мындан ары таасирдүү чараларды кабыл алуу жана өткөрүү максатында сунуштар жазылган резолюциясы кабыл алынды.