2019 жылга карата индикативдик баланска кол коюлду.

      2018 жылдын 6 декабрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев менен Россия Федерациясынын Энергетика министринин орун басары Павел Сорокин жолугушту.

      Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Респсубликасынын мунай жана мунай продуктуларын  ички керектөө маселелерин карап, 2018-2019 жылга карата көлөмдөр макулдашылды.

      Жолугушуунун соңунда 2019 жылга карата Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына күйүүчү май материалдарын бажысыз  жеткирүү боюнча индикативдик баланска кол коюлду.