Ички кадрлар резервинде турган жактар үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобосунун 4-бөлүмүнө ылайык буйрук кылам:

1.Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ички кадрлар резервинде турган жактар үчүн төмөнкү административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс өткөрүлсүн:

  • Машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары башкармалыгынын башкы адиси – 1 бирдик;
  • Биринчи сектордун жетектөөчү адиси (моб. жумушчу) – 1 бирдик.

2.Адам ресурстарын башкаруу сектору ички кадрлар резервинде турган жактар үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты Мамкомитеттин ички кадрлар резервинде турган жактарга маалымдасын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жеткирсин.

3.Мамкомитеттин конкурстук комиссиясы конкурсту белгиленген тартипте жана мөөнөттө өткөрсүн.

4.Иш кагаздарын жүргүзүү сектору бул буйрукту Мамкомитеттин борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө маалымдасын.

5.Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Мамкомитеттин статс-катчысы – Асанов А.К. жүктөлсүн.