Кыргыз энергетикасынын өкүлдөрү Таджикистандагы Рогун ГЭСынын ачылышына катышты.

       Тажикстанда Рогун ГЭСинин алгачкы агрегаты ишке кирди. Президент Эмомали Рахмон жалпы Рогун шаарындагы атайын аземде бул күндү тарыхый деп мүнөздөп өзү ачты. Кыргызстандан Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Мамкомитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов, ОАО Улуттук Энергохолдингтин төрагасы Азамат Абдыкадыров жана башалар катышты.

       Тажикистандын башчысы Рогун ГЭСи чыгарган электр энергиясы чөлкөмдүн бардык өлкөлөрүнө пайдасын тийгизерин айтып, анын суу сактагычы аймактагы суу ресурстарын туура тескөөдө чоң роль ойнорун белгиледи. Ошондой эле Тажикстан ГЭСтин курулушун аягына чыгарат деп убада кылды.

       “Бүгүнкү күнгө чейин жетишилген жыйынтык жана тажрыйбаны эске алуу менен биз Рогун ГЭСинин курулушун белгиленген мөөнөттө бүтүрөбүз деп ишенимдүү түрдө айта алам”,- деди Рахмон.

        Рогун ГЭСи ар бири 600 мегаватты түзгөн алты агрегаттан турат. Анын экинчи агрегаты кийинки жылы апрелде ишке берилиши күтүлүп жатат. Биринчи агрегатты ишке киргизүү аземине бийлик өкүлдөрү, чет өлкөлүк коноктор, алардын ичинде CASA-1000 долбооруна кирген мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

         Белгилей кетсек, ГЭСтин ачылышы Борбор-Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусуна жакшы шарттарды түзөт.