Мамкомитетин 9 ай ичинде аткарылган иштери.

 

Өнөр-жай.

      2018-жылдын январь-сентябрь айларында, өнөржайсубъекттеринин продукция өндүрүү суммасы 167 млрд. 981,6 млн. сом түздү, физикалыккөлөмүнүниндекси (мындан ары – ф.к.и.) – 95,3% түздү, ал эми «Кумтөр» кенказууишканаларынэсепкеалбаганда, өндүрүштүнкөлөмү– 107 млрд. 627,6 млн. сомду түздү, физикалыккөлөмүнүниндекси - 101,6 % түздү.

      2018-жылдын сентябрь айында 32 өнөр жай ишканалар өндүрүшүн кайрадан жаңылантты, анын ичинде:

- 5 тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (ААК, "Каинды-Кант", ЖЧК "Глобал-Алко", ЖЧК "Бахус-Юг", ж.б.;

- 11 жеңил өнөр жай ишканалары (10 пахта заводу жана ЖЧК "Дружба обувь Компани);

- 4 курулуш материалдарды өндүрүү компаниялар (ЖЧК «Зета-Компани», ЖЧК «Туркаш-Ата», ЖЧК Железобетон Азат»  жана башка тармактары.

 

      Ошондой эле, 2018-жылдын 9 - айдын жыйынтыгы боюнча 11- өнөр жай ишканалары ишке киргизилип 550 жумуш орун түзүлдү, анын ичинде:

- Ош областында кир жуугуч машина заводу "Артель" (1 млн АКШ долл.), ЖЧК "Син-Дзи-Прим" цемент заводу (88,0 млн АКШ долл.).

- Ош шаарында ЖЧК "Имзо" пластикалык терезе жана эшик өндүрүү (1,5 млн. АКШ долл.), ЖЧК "Умар Групп" (1,2 млн. АКШ долл.) травертин өндүрүү, ошондой эле жеке ишкер, "Омонова" улуттук кийим чыгарган (58 миң АКШ долл. ОКӨФ);

- Чүй обласында ЖЧК "Салют Компани" (5,0 млн. АКШ долл.) жардыргыч заттарды өндүрүү,  ЖЧК "Евразия металл-групп" металл буюмдарын өндүрүү (Кара-Балта ш. 3,5 млн. АКШ долл.), ЖЧК "Кас Импуль" электрондук детонатор өндүрүү (1,0 млн.АКШ долл.) жана башкалар.

         Ошону менен бирге, жыл аягына чейин ЖЧК "Cool Bro’s" трикотаж буюмдарды өндүрүштүк кубаттуулук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү пландалууда (Чүй областы, Сокулук району, Комсомольск а.). 2018-жылдын ноябрь-декабр айларында өндүрүүнүн көлөмү болжол менен 7 млн. сомго күтүлүүдө.

       Азыркы учурда, ЮНИДО долбоору колдоосу менен эл аралык эксперттерди тартуу менен 2019-2024 жылдарда Кыргы Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү   стратегиянын долбоорун иштелип чыгууда.

Электроэнергетика.

       2018-жылдын январь-сентябрында 10 999,5 млн. кВтсаат (2017-жылдын январь-сентябрында– 10 899,08 млн.кВтч) көлөмүндө электр энергиясы өндүрүлдү, 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 100,5 миң кВтсаатка же 0,2% көбүрөөк.

      2018-жылдын январь-сентябрында электр энергиянын экспортунун көлөмү 753,8 млн. кВтсаатты түздү (план боюнча 765 млн.кВтс).

      2018-жылдын 12-ноябрына карата Токтогул суу сактагычынын дэңгээлинин белгиси 896,81 м. түздү 18 560,37 млн.м3 көлөмү менен, 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 673 млн.м3 аз (2017-жылдын 12-ноябрына - 899,21 м. белгиси менен 19 234 млн.м3 түзгөн).

      Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, азыркы учурда кубаттуулугу 120 МВт болгон Камбарата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү, бекитилген кубаттуулугун 10 пайызга жогорулатуу менен Атбашы ГЭСин реконструкциялоо, кабельдик линияларды, өчүргүчтөрдү, 500 кВ күчтүк трансформаторлорду жана 4 гидроагрегатты алмаштыруу аркылуу бекитилген кубаттуулугун 240 Мвтка жогорулатуу менен Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, CASA-1000 долбоорунун алкагында Датка көмөк чордонунан Таджикистан Республикасынын чек арасына чейин узундугу 450 км тегерегинде 500 кВ электр линияларын куруу, узундугу 51 км болгон 110 кВ аба чубалгыларын куруу, 110/35/10 кВ Раззаков көмөк чордонун куруу жана 110/35/10 кВ Арка көмөк чордонун реконструкциялоо, электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган маалыматтык-өлчөгүч системасын (ЭКЭАМӨС) жана көмөк чордондордо SCADA (оптика-волокнолук трос) киргизүү аркылуу электр бөлүштүрүү тармактарын жаңылаштыруу, эсептегичтерди жеткирүү жана орнотуу, Башкаруунун маалыматтык системин киргизүү, күчтүк жабдыктарды, электр линияларды жана 10-6-0,4 кВ кабелдик линияларды  комплекстик жаңылаштырууну жүргүзүү, атайын техника сатып алуу, программдык жабдылыштарды, электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган маалыматтык-өлчөгүч системасын (ЭКЭАМӨС) киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу улантылып жатат.

      2018-жылында 9-объектеринде эксплуатацияга кирггизүү менен курулуш-монтаждык жумуштарын бүтүрүшү пландаштырылган:

- Газ түтүк отвод жана газ бөлүштүрүүчү станция 2 Бишкек реконструкциялоо, 2017-жылдан тарта башталган (2018-жылы эксплатацияга киргизүү пландаштырылган);

- Кара-Жыгач, Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Ордо турак-жай конуштарында газ бөлүштүрүүчү тармактарын курулушу (4-объект);

- Сокулук коңушунда, Кант ш., Токмок ш. газ бөлүштүрүүчү тармактарын курулушу (3-объект);

        Бүгүнкү күнгө аткарылган курулуш-монтаждык жумуштар газ өткөргүчтөрү турак-жай конуштарында Кара-Жыгач – 31,4 км (план боюнча 31,4 км), Арча – Бешик – 145,8 км (план боюнча – 146,3 км), Ак – Өргө – 76,42 км (план боюнча – 80,3 км) жана Ак – Ордо – 63,44 км (план боюнча – 64,44 км), мындан тышкары Кант шаары – 56,44 км (план боюнча – 59,56 км), Токмок шаары – 15,92 км (план боюнча – 15,92 км) жана Сокулук айылы – 51,54 км (план боюнча – 51,54 км).

 

 

Кен пайдалануу.

        Пайдалуу кендерди казуунун көлөмү 2018-жылдын январь-сентябрында 11457,0 млн. сомду түздү, ал эми физикалык көлөмдүн индекси 2017-жылдын январь-сентябрына карата 63,3 пайызды түзгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөөсү металл рудаларын казуунун 65,9 пайызга түшүп кетишинин эсебинен белгиленди.

         Муну менен катар чийки мунайзат жана жараталыш газын өндүрүүнүн көлөмүнүн-23,7 пайызга, таш көмүр жана күрөң көмүр (лигнит) өндүрүүнүн көлөмүнүн -16,8 пайызга, башка пайдалуу кендерди казуу өндүрүшүнүн көлөмүнүн 11,4 пайызга өсүшү белгиленди.

         Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында темир рудасын казуу иштерин төмөнкү компаниялар жүргүзөт: ОАО «Кыргызалтын», ОсОО «KAZ MineralsBozymchak», ОсОО «Алтынкен», ОсОО «ФулГолдМайнинг», ОсОО «VertexGoldCompany» ж.б.

2018-жылдын январь-сентябрь айларында көмүр казып алуу тармагында өнөр жай продукциясынын көлөмү 1463,7 млн. сом түздү (өсүш 118,7 %), мында 1175,6 миң тонна же 2017-жылдын тиешелүү мезгилине карата 115,3 % көмүр өңдүрүдгөн.

       Көмүр казып алуу жалпы республика боюнча 2017-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 155,6 миң тоннага көбөйгөн.

Көмүрдүн өңдүргөн көлөмү жогорулатуусу республиканын түштүк регионундан Өзбекстанга, Тажикстанга жана Кытайна көмүрдүн экспортту көбөйүшү (275,6 миң тонна) менен шартталган.

        Бүгүнкү күнгө чейин Мамкомитет тарабынан 14 аукцион өткөрүлгөн.Кендердин баштапкы баасы 300 542 АКШ долларкоюулуп, 1 150 253 АКШ долларга ишке ашырылган.