Кыргызстанда өнөр жай жумалыгы өтөт.

     Бишкек шаарында 7-16-ноябрына чейин Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 тигүү өнөр жай жумалыгы өтөт. Бул текстилдик-тигүү өнөр жай секторун өнүктүрүүгө багышталган Кыргызстандагы биринчи масштабтык иш-чара.

     Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 алкагында Кожомкул атындагы спорт сарайында 7-11-ноябрына чейин жергиликтүү тигүү өндүрүшүнүн буюмдарынын көргөзмө-жармаңке өткөрүлөт. Кыргызстандын компаниялары өздөрүнүн кийим – кече, бут кийимдерин, аксессуарларын, кездемелерин көрсөтөт.

     «Жаннат» отелинде 13-16-ноябрына чейин  Мода жумалыгы өтөт. Ушунун алкагында «The Next Fashion» жаш дизайнерлеринин конкурсу  ошондой эле, «Fashion Brand» өнөр жай компанияларынын ортосунда Конкурс уюштурулат. Андан тышкары, кол өнөр буюмдарнын көргөзмөсү жана  «Алтын тоос» кол өнөр буюмдары боюнча дизайнерлердин конкурсу болуп өтөт.

      «Жаннат» отелинде 13-14-ноябрына чейин текстилдик-тигүү секторун өнүктүрүүгө багышталган тегерек столдор өткөрүлөт. Ошонун катарында сектор ишканаларынын, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес секторунун өкүлдөрү эксперттер төмөндөгүлөрдү талкуулайт:

- тармака жумуш күчтөрдү тартуу үчүн текстилдик-тигүү өнөр жайын мамлекететтик колдоо темасы;

- тармак үчүн кадрларды даярдоо тутумунун эффективдүүлүгү;

- татыктуу эмгек шарттары менен камсыздоо, тигүү өнөр жайын каржылуу үчүн инструменттер;

- текстилдик-тигүү өнөр жайынын экспорттук атаандаштыкка туруктуулугун.

Тегерек столдордун учурундагы бардык тыянактар жана сунуштар 16-ноябрда “Кыргыз Республикасында улуттук маанилүүлүгүн жана текстилдик-тигүү өнөр жайнын имиджин жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү” жогорку деңгээлдеги Форумунда презентацияланат.

        Ошондой эле, Форумдун алкагында Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 менен жарыяланган жаш дизайнерлер, өнөр жай ишканалар, кол өнөрчүлүк конкурстарынын жана ММК ортосундагы конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланат.

     Иш-чаранын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, “Легпром” КР жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясы, Фешн Дизайнерлери ассоциациясы, ОФ «Дайры», ПРООН, ITC, ЕБРР, MOT, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду.