Талас областынын 2018/2019 ККМ боюнча текшерүү.

 

Төраганын орун басары Азис Сапаралиев Талас областында Талас областынын 2018/2019-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселелери боюнча жумуш жыйналышын өткөрдү,  ал жерде КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү, шаардын вице-мэри, мамлекеттик администрацияларынын райондук башчылары жана тийиштүү маморгандардын өкүлдөрү катышкан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жапысынан Талас областы боюнча 56,37 миң тонна көмүр менен камсыздоо керек, ошондой эле:

- жашоочулар үчүн – 48,965 миң тонна көмүр;

- бюджеттик мекемелерге – 7,459миң тонна көмүр;

- «Жылуулук менен камсыздоо» Талас ишканасына - 1,7 миң тонна көмүр.

 

КРӨ Ыйгарым Укуктуу Өкүлүнүн маалыматына ылайык 24.10.2018-жылга карата жашоочуларды көмүр менен камсыздоо 27,3 миң тонна же 55,7% (жылдык план), бюджеттик мекемелерге 5,709 миң тонна же 76% (жылдык план). Ушуга байланыштуу, Мамкомитет тарабынан көмүр менен камсыздоо ишин күчөтүү тапшырмасы берилген.

 

Андан тышкары, «Жылуулук менен камсыздоо» Талас ишканасынын директорунун маалыматы боюнча ишкана 1136 тонна көмүр камдап койгон, 1315 абонентерге ээ, 2018-жылдын 17-19-октябрынан баштап жылуулук энергиясын берип баштаган.

Ошондой эле, №2 казанда эски казадардын ордуна 2 жаңы казандар коюлган, №1 казанда борбордук жылуулука жаңы «Ветеринардык  лаборатория» объекти жана 2 көп кабатту турак үйлөр туташтырылган, Ч. Сатаев көч. үч турак үйгө туташтыруу үчүн жылуулук тармактар тартылган.

Ошентип, «Жылуулук менен камсыздоо» Талас ишканасынын218/2019-жылдардын күз-кыш мезгилине толук даярдыгы ишке ашырылган.