КР ӨЭЖМКнын башчысы Эмиль Осмонбетов Джалал-Абад областына иш сапар менен барып , 2018-2019 күз кыш мезгилине даярдыкты жана станцияларда аткарылып жаткан оңдоп-түзөө иштерин текшерип келди. Ошентип: Токтогул, Курпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Курган жана Камбар-Ата ГЭС-2 баш бакты.

      Иш сапардын жыйынтыгында Токтогул ГЭСинин жыйын залында чогулуш өткөрүлдү. Жыйында төрага электроэнергиянын үзгүлтсүз берүүнүн маанилүүлүгүн жана  4 энергоблоктун иштетүү маселесин көтөрдү.

      Жаңы жабдыкты баардык текшерүүлөрдөн өткөргөндөнн кийин, комплекстик текшерүүнү 72 саат өткөрүү чечими кабыл алынды.

       Белгилей кетсек,  чогулушка ОАО "Электрические станции" , Мамэкотехинспекция, жана «GENSER» түрк компаниясынын өкүлдөрү катышты.