Комитеттин кызматкерлери кыргыз тил курсун окушту.

         Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын алкагындагы “Кыргыз Республикасында 2014-2020- жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” колдонууга алып,  борбордук аппаратынын кызматкерлерин кыргыз тил курсуна окутуп, аларга тастыктамалар ыйгарылды. Комитеттин кызматкерлери кызгыз тил курсунан алган билимин текке кетирбей иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүгө киришти.