Мамкомитет 2018-2019ж күз-кышка даярдыкты текшерүүдө.

      2018-2019 жылдын күз-кышка даярдыкты текшерүү максатында КР Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов Нарын областына караштуу Жумгал районундагы "Кара-Кече" жана Ак -Талаа районундагы "Турук" көмүр кенине барды.

      Андан тышкары Нарын шаарынын буу казан жабдыктарынын даярдыгын текшерди (баардыгы болуп 30 буу казан бар. Алардын 25 электроэнергия менен иштейт, 5 - көмүр менен. Күз-кыш мезгилинде аларга 94 көп кабаттуу үйлөр, 31 жер үй, 47 ишкана кошулат. Көмүр менен иштетилчү 5 буу казанга 3200 тонна көмүр керектелет, бүгүнкү күндө 3650 тонна көмүр каралган, андан тышкары былтыркы кыш мезгилинен калган 472 тонна көмүр бар) .

       Тандалып 4 буу казан текшерилди, алар: борбордук (көмүр), "Чебурашка" бала бакчасы (электроэнергия),   ЖАМКЫНЫН (көмүр), "Московская" (комбинацияланган).

      Текшерүүнүн жыйыныгында Комитеттин төрагасы күз-кышка сапаттуу даярдыкты көрүүгө чакырып, электроэнергияны жана жылуулукту үзгүлтүксүз берүү маселесин койду.

Тапшырма берилди:

- "Чебурашка" бала бакчасынын буу казан жайын жылуулоо.

01.11.18  чейин.

- Кара-кече кенинен алып келинген көмүрдү 2 контейнер койдуруп элге сатуу.

 

 

    Ошол эле убакытта КРӨЭЖП МК төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев Мамкомитеттин жана КРӨ Мамэкотехинспекциясынын өкүлдөрү менен “Кыргызжылуулукэнерго” МИ иш сапарга барган.

 

Төмөндөгү казандар жана көмүр менен камсыздоо жайлары текшерилген:

 

                Кара-Балта ЖИЭби

 

      Буу казандар 2018/2019 күз кыш мезгилине даяр, оңдоп түзөө иштери аягына чыккан, текшерүүдөн (опрессовка) өткөн, андан тышкары жылуулук жабдыктарын Мамэкотехинспекция кызматкерлеринин көзүнчө иштетилип көрүлдү.

 

 "БМП ТВС" филиалдарынын буу казандары, Сокулук району

 

"Курулуш", "Речевая мектеби"  жана "Мичурин" буу казандары.

Баардык буу казандар текшерүүлдөн өтүшкөн жана жылуулук жабдыктарын Мамэкотехинспекция кызматкерлеринин көзүнчө иштетилип көрүлдү. Текшерүүдөн өтүү боюнча актыларына кол коюлду.

 

Орловка шаары

"ОПТи В" буу казаны

-100 тонаа көмүр түшүрүлдү

-буу казан күз-кыш мезгилине даяр

-эшик терезелер жылуулутулган

- текшерүүдөн өттү (опрессовка)  жана жылуулук берүү системалар алдын ала иштелилип текшерилди

 

“Кыргызжылуулукэнерго” Токмок ш.

-            1300 тонна мазут киргизилген (план боюнча 5000 тонна, график боюнча жетишип келүүдө)

-            850 тонна көмүр киргизилген (план боюнча100%)

-            Текшерилген  (опрессовка), ошондой эле жылытуу системаларын алдын ала ишке киргизилген.

-            Резервдик казан жана  насостор (2 бир) бар

-            Жылуулук алмаштыргычтар ишке даяр

-             

Киргшелк

-            103 тонна көмүр планга ылайык киргизилген

-            текшерилген жана жылытуу системалары алдын ала ишке киргизилген

-            Резервдик казан жана  насостор бар

 

Токмок ш. көмүр менен камсыздоо жайлары

-            1 тонна үчүн орто баа  3 500 сом (Каракече)

-            1 тонна үчүн орто баа 4 200 сом (Шабыркуль)

 

Кара-Балта«Бока»көмүр менен камсыздоо жайлары

                   13.10.2018 в-ж. карата базада 2,5 миң тонна киргизилген

-            1 тонна үчүн орто баа 4 200 сом (Шабыркуль)

 

Беловодск ш. көмүр менен камсыздоо жайлары

-            1 тонна үчүн орто баа 4 200 сом (Шабыркуль)

 

Сокулук районунда стационрадык көмүр менен камсыздоо жайлары

 

-            1 тонна үчүн орто баа 5 000 сом (Шабыркуль)

-            1 тонна үчүн орто баа 4 200 сом (Кара-Кече)

 

Баяндалгандардын негизинде КРӨЭЖП МК  жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча  “Кыргызжылуулукэнерго” МИне кыска мөөнөттө келип чыккан эскертет.

 

Төраганы орун басары Алымбек Орозбековдун Ыссык-Көл областына «Кыргызжылуулукэнерго» МИ казандарын текшерүүнүн жүрүшүндө «Жылуулук» Каракол жылуулук менен камсыздоо ишканасынын 5 казан чарбалары, Балыкчы жылуулук менен камсыздоо ишканасынын 4 казандары, Чолпон-Ата жылуулук менен камсыздоо ишканасынын 2 казандары жана Бостери жылуулук менен камсыздоо казаны текшерилген.

 

             Каракол «Жылуулук менен камсыздоо» ишканасы

Каракол ЖКИ балансында 18 казан бар, анын 17 көмүр менен жана 1 электр энергия менен иштейт. Ошондой эле, 14,4 км жылуулук тармактарга ээ. Негизги керектөөчү болуп жашоочулар саналат. 67 т/үйлөргө, 7 бюджеттик жана 5 башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздайт. Оңдоо иштери үчүн пландалган сумма  5044,6 миң сомду түзөт.

10.09.2018-ж. карата казадардын даярдагы 100%, ККД жылуулук тармактардын дарярдыгы 100%. Мамэкотехиспециясы менен биргеликте кол коюлган бардык казандар боюнча актылар бар. Казандарды текшерүүнүн жүрүшүндө мурун жок болгон 5 көмүрдүн күлүн кармап тургучтарды орнотуу иштеринин оң жактары белгиленди. Аба айдап келтирүүчү фрамугду айнектеп жабуу ишетерине 5 күндүк мөөнөт берилген. Ошондой эле, 40 жана андан ашык жылдар мурун коюлган казандардын паспортторун 30 күндүк мөөнөттүн ичинде калыбына келтирүүгө аракет жасап көрүү, учурда “Кыргызжылуулукэнерго” МИ бардык казандарына жайылтуу сунуштар берилген.

Каракол «Жылуулук» ишканасы

Каракол “Жылуулук” ишканасынын балансында көмүр менен ишетөөчү 5 казандар жана электр энергия менен иштеөөчү бир казан, ошондой эле, 12,4 км жылуулук тармак бар. Оңдоо иштери үчүн пландалган сумма 7200,0 миң сомду түзөт. 

01.10.2018-ж. карата казандардын даярдагы 100%, ККД жылуулук тармактардын дарярдыгы 100%. Мамэкотехиспециясы менен биргеликте кол коюлган бардык казандар боюнча актылар бар. Мурунку берилген эскертүүлөр боюнча бардык иштердин түрү аткарылган.

Балыкчы «Жылуулук менен камсыздоо» ишканасы

Балыкчы ЖКИ балансында 6 казан бар, анын 4 электрикалык жана 2 мазуттук ошондой эле, 17,4 км жылуулук тармактары бар, алар 53 көп кабаттуу т/үйлөрдү жылуулук менен камсыздайт. Оңдоо иштери үчүн пландалган сумма 1111,44 миң сомду түзөт, 1108,6 миң сому жа 99,7% өздөштүрүлгөн. 10.09.2018-ж. карата казандардын даярдагы 100%, ККД жылуулук тармактардын дарярдыгы 100%.

Текшерүүнүн учурунда муруку текшерүүдөгү баардык эскертүүлөр аткарылган, негизгиси «Горторг» казанын айнектеп жабуу жана төбөсүн жабуу. “Манас” мектеби боюнча иш жүзүндө орто айлык температурада жылытуу келишимин түзүү. Мамэкотехиспециясы менен биргеликте кол коюлган баардык казандар боюнча актылар бар.

 

Чолпон-Ата «Жылуулук менен камсыздоо» ишканасы

Чолпон-Ата «Жылуулук менен камсыздоо» ишканасынын балансында 2 казан бар, анын 1 электрикалык жана 1 мазуттук ошондой эле, 12,1 км жылуулук тармактары бар, алар 18 т/үйлөрдү жана бюджеттик мекемелерди жылуулук менен камсыздайт. Оңдоо иштери үчүн пландалган сумма 4397,0 миң сомду түзөт.

10.09.2018-ж. карата казадардын даярдагы 100%, ККД жылуулук тармактардын даярдыгы 100%. 2018-жылы ДКВР -6,5/13 маркасындагы 1 бир. казан алынган жана орнотулууда. Азыркы учурда КӨА жана А монтаждоо иштери алып барылууда. Муруку текшерүүдө берилген баардык эскертүүлөр аткарылган, негизинен казандарды сырдоо жана актоо. Текшерүүдөн кийин жаңы казанды 2018-жылдын 27-октябрына чейин эксплуатацияга берүү мөөнөтү коюлган.

 

Бостери жылуулук менен камсыздоо ишканасы.

Бостери ЖКИ балансында 1 электр энергия менен иштөөчү казан жана 4,25 км жылуулук тармак бар, ал 14 көп кабаттуу т/үйлөрдү, 1 менчик үйдү жана А.Мамытов атындагы мектеп-лицейди жылуулук менен камсыздайт.  Оңдоо иштери үчүн пландалган сумма 3076,45 миң сомду түзөт.

 

15.09.2018-ж. карата казадардын даярдагы 100%, ККД жылуулук тармактардын дарярдыгы 100%. Мурун берилген эскертүүлөр боюнча: “Чыгышэлектро” тарабынан чубалгыларды резервдик киргизүү аткарылган эмес. Кошумча радиаторлорду гимназиянын класстарына коюу 2019-жылга калтырылган, бул 2018-жылга карата Бостери Айыл Өкмөтүндө финансылык каражаттардын жоктугуна байланыштуу. Мамэкотехиспециясы менен биргеликте кол коюлган баардык казандар боюнча актылар бар.

Көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча толугу менен Ыссык-Көл областында «Кыргызжылуулукэнерго» МИ казандарынын  2018/2019 –жылдын жылытуу мезгилине карата даярдыгын белгилөөгө болот.

Ошондой эле, бир нече аяктабаган иштери боюнча комиссиянын эскертүүлөрүн алып салуу Протоколу түзүлгөн.