Кыргыз Республикасынын геологиясына 80 жыл!

 

Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Геологиясынын 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш чара өттү. Мааракеге Кыргызстандын геологдору, ардагерлер жана КМШ өлкөлөрүнүн геологтору катышты.

 Куттуктоо сөзү менен Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов, КР ЖК депутаты Кожобек Рыспаев жана КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов сүйлөдү.

          "Мен Сиздердин эмгегиниздерге жана сиздердин кесипиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Сиздер биздин өлкөбүздүн минералдык – чийки зат базасын, өнүгүүнүн негизин жана экономикалык коопсуздук түздүңүндөр. Биздин мамлекетибиздин минералык байлыгы өтө улуу, андан дагы негизги баалуулук – бул элибиз, жер казынасын чалгындоочулар, өз ишиндеги кесипкөйлөр.

        Сиздер өзүңүздөрдүн жашооңуздарды татаал жана ардактуу эмгеке – пайдалуу казылып алынуучу кендерди изилдөөгө жана чалгындоого багыштадыңыздар. Сиздердин геологиялык жана тоо –кен казып чыгаруу тармагынын турушуна жана өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар баа жеткис.

       Мамлекеттик баланс менен эсепке алынган изилденген жана чалгындалган жаратылыш кен байлыктар азыр республикабыздын элинин байлыгы.

        Өзүнүн илимий, чыгармачылык жана интеллектуалдык дараметин артынан геологиялык тармак мындан дагы өсүп өркүндөшүнө ишенем"-деп белигиледи Мамкомитеттин төрагасы.

 

 

       Кыргызстан геологиясы боюнча кыскача маалымат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геологиялык кызматына 2018-жылы 80-жыл толот. СССР Оор өнөр жай Комиссариаттын Элдик  Жарлыгы боюнча 1938-жылы түзүлгөн Кыргыз геологиялык башкармалыгы (КГБ) андан ары ар түрдүү аталган(28.07.38 ж. №275). Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети(КРӨ4.07.2016ж.  №373 ток.). Геологиялыке чалгындоочулар коллективинин өзгөрүлгүс негизги маселеси өлкөнүн экономикалык дараметин өстүрүү үчүн минералдык – чийки зат базасын өнүктүрүү жана бекемдөө болгон. КГБ уюшкандан тартып Республиканын аймагындагы неологиялык изилдөөлөр план негизиндеги жана максатка багытталган мүнөздү кабыл алган.

1938-жылы жалпысынан 43 адамды эсептеп чыгып республиканын геологиялык кызматы акырындык менен ар түрдүү кесиптердин адистерин бириктирген, геологияны жана пайдалуу казылып алынуучуларды изилдөө боюнча маселелерди  ийгиликтүү чечүүнү камсыздаган, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануусун көзөмөлдөгөн күчтүү мамлекеттик уюмга айланган.

Улуу Ата-мекендик согуштун башталышы Кыргызстандын геологиялык чалгындоочулар алдында аскердик-өнөр жай комплексинин мекемелеринин чийки затын стратегиялык түрлөрү менен камсыздоочу пайдалуу казылып алынуучу кендерди табып чыгуучу жана чалгындоочу өтө олуттуу маселелерди койгон. Геологтордун эмгеги менен сымап, фольфрама, коргошун жана цинк казылып иштеп чыгарууга берилген.

Согуштун бирничи жылдары атомдук өнөр жайдын чийки – зат базасын түзүү боюнча жаңы татаал маселенин чечими менен белгиленген. Уран ачылган кендери  60-жж. ортосуна чейин СССР Минсредмаш ишканасы тарабынан иштелип чыккан. Ушул эле убакытта Кутессай-II сейрек кездешүүчү кен жана полиметталдык кендер (Боорду, Арсы, Икичат) ачылган жана чалгындалган.

50-жж.-60-жж.- Кыргызстандын ишкердигинин жана геологиялык тармагын өнүгүсүүнүн негизги мезгилдеринин бири. Кыргызстандын аймагынын баары план менен 1:100000 - 1:200000 масштабы геологиялык сүрөткө түшүрүлгөн. Ушул мезгилде эң чоң жетикешкендик болуп Сарыжаз районунда олово менен вольфрама кенинин ачылышы саналат. Ушул мезгилде кыргыз геологиялык мектептин фундаменти куюлган, бул мектеп көрүнүкутүү геологтордун чоң тобун, өндүрүшчүлөрдү жана илимпоздорду тарбиялаган.

50-жж. аягында келечектүү рудалык райондордун аянттарында (Хайдаркан, Кадамджай, Актюз-Боорду, Талас, Терек-Кассан) ири масштабдуу (1:25000 - 1:50000) геологиялык-сүрөткө түшүрүү жана изидөө иштери башталган, кийинки жылдары андан кең план негизиндеги өнүгүүгө жетишкен. Ушул иштердин негизги өзгөчөлүгү болуп алардын комплекстүү мүнөзү, аэросүрөткө түшүрүү жана космостук сүрөткө түшүрүү материалдарын, геофизикалык жана геохимиялык изилдөөлөрдүн ыкчам методдорун колдонуу, тоо-өткөөл жана бургулоо иштеринин маанилүү көлөмүн аткаруу саналган.  Изилдөөлөрдүн тажрыйбасына изилдөө эффективдүүлүк жана картографиялык материалдардын жогорку сапатыттыгы менен камсыздаган прогрессивдүү тектоникалык концепцияларды колдонуу менен уюмдаштыруу иштеринин жаңы технологиялары кеңири киргизилүүдө (топтук геологиялык сүрөткө түшүрүү, аянттарды геологиялык толук изилдөө, тереңдетилген божомол-геодинамикалык картирлөө). Ири масштабдуу изидөө-сүрөткө түшүрүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында кен байлыктар, рудалардын чыгышы жана алтын аномалияларынын, сейрек, түстүү жана асыл металлдардын, жогорку докоративдик кооздогуч таштардын жана түрдүү курулуш материалдардын пайда болушу болгон.

Кыргызстандын геологиялык чалгындоочулардын ишкердигинин эң өндүрүмдүүлүгү болуп мурунку кылымдын жетимишинчи жана сексенинчи жылдары саналаган.

Ушул мезгилдерде олово рудалык өнөр жайды өнүктүрүү үчүн чийки-зат басазы түзүлгөн (Үчкошкон, Трудовое ж.б.), ири алтын кендер ачылган  (Кумтор, Джеруй, Макмал, Талдыбулак Солжээкж.б.), түстүү жана сейрек металлдар (Мироновское, Ташкоро-Түштүк, Калесай, Узун- Ташты ж.б.), жез рудалар (Куру-Тегерек, Талдыбулак, Андаш), темир рудалар (Жетим тобу), алюмин рудалар (Сандык, Зардалек) кендери чалгындалган же бааланган жана Хайдаркан жана Кадамжай комбинаттар үчүн сымап жана сурма рудалардын камдыктарын көбөйтүү камсыздалган. Беттелүүчү таштар кенинин бир катар түрлөрү чалгындалган: Арым, Каинды, Акулен, мрамор кенинин Ичкелетау тобу, Сарыташ ж.б. Республиканын бардык региондору өндүрүш үчүн чийки-заттардын камдыктары менен камсыздалган. Көмүр кенинин чоң тобу чалгындалган жана Кара- Киче, Минкуш, Бешбурхан, Тегенек, Кара-Тут, Маркай кендеринежаңы шахталарды жана кесилиштердикуруу үчүн шарттар түзүлгөн.

Эң чоң жетишкендиктер гидрогеологиялык жаатында болгон. Ири кактуу пункттарды суу менен камсыздоо көйгөйлөрүнүн баары чечилген; термалдык-минералдык суулар пайда болгон жерлерде даарылоо-ден-соолукту чыңдоо жайлардын чоң-чоң топтору иштей баштады, жер астындагы сууларга мониторинг жүргүзүү, кооптуу экзогендик жүрүмдөрдү изидөө жана божомолдоо тутуму түзөтүлгөн.

Ошол убакытта Республиканын аймагын геологиялык изилдөөсү в 1:200000масштабында 98,5% жана 1:25000 - 1:50000масштабында 82,5% түзгөн.

Кыргызстандын геологдору 1957-1991-жж. Кытай, Корея, Вьетнам, Ган, Мали, Куба, Афганистан, Алжир, Танзания, Марокко, Гвинее-Бисау, Лаос, Сирия, Мадагаскар, Иран, Эфиопия, Монголия, Ливия, Йемене Республикаларында геологиялык чалгандоо иштерин жүргүзүүдө техникалык жардам көрсөткөн.

Геологиялык изилдөөдө ар түрдүү пайдалуу казылып алунуучу кендерди ачканы жана чалгындаганы үчүн  кыргызстандын мамлекеттик геологиялык кызматындагы кызматкерлер чоң жетишкендиктери үчүн ордендер жана медалдар менен сыйланган, Эмгек сиңирген кызматкер наамы жана СССР жана Кыргыз ССР Мамлекеттик премиянын Лауреаты наамдары ыйгарылган. Геологтордун чоң топторуна “Кенди биричи ачуучусу” жана “СССР жер казынасынын ардактуу чалгындоочусу” деген ардактуу наамдар берилген.

Кыргызстан мамлекеттик көзкарандысыздыкты жана суверенитетти алуу кезине геологиялык тармак анын экономикасынын олуттуу өнүгүү элементин көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын рыноктук экономикасына өтүүсүнө жараша геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү стратегиясы түп-тамырынан тарта өзгөргөн. Геологияылк изилдөөлөр келектүүрөк багыттарга жүргүзүлүүдө, биринчи планга иштеп жаткан тоо-кен казып чыгаруучу ишканалардын райондору жана эконоимкалык ылайыктуу региондор чыгууда.

Акыркы жылдары мамбюджеттик каражаттардын эсебинен негизинен издөө иштери жүргүзүлгөн (жалпы жана адистештирилген); мындан дагы келечектүү объекттерди толук изилдөө издөө-баалоо баскчына чеийн жеткен.

Геологиялык изиддөө стратегиясынын өзгөрүлүшү жана мамбюджеттен бөлүнүүчү ассигнованиялардын тез кыскарышы  геологиялык кызматта олуттуу кайра уюмдаштыруу зарылчылыгына алып келген.Тоо-кен казып чыгаруу өнөр жайына жана жеке капиталдын геологиялык изидөөлөрүн жүргүзүүгө тартуу үчүн чаралардын максимуму колдонулган жана колдонулуп келүүдө.

Көп жылдар бери  жыйналган изилдөөлөрдүн ар түрдүү пайдалуу казылып алынуучу кендер жөнүндө маалыматтары кызыккан жеке жана юридикалык жактар үчүн ачык. Кыргызстандын минералдык-чийики – затынын дарамети жөнүндө маалыматтар тез-тез тоо бизнес жана геология боюнча эл аралык форумдарга берилип турат.

Кыргызстандын геологиялык кызматы таркан бардык кыйынчылыктарга карабай, акыркы жылдары пайдалуу казылып алынуучу кендерди изилдөө жаатында катар жетишкендиктерге ээ.

Азыркы учурда геологиялык кызматка Жер казынасын жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик органдардын милдеттери жүктөлгөн. Ушул багытта тоо, жер казынасын лицензиялоо укуктары, лицензиялык макулдашуу шарттарын аткаруусун көзөмөлдөө жана жер казынасын коргоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча чоң иштер алып барылууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан геологиялык кызматка төмөндөгү милдеттер жүктөлгөн:

·                   жер казынасын тутумдук комплекстүү геологиялык изилдөө;

·                   жер казынасы маселелерин мамлекеттик жөнгө салуу (республиканын минерладык-чийки зат ресурстарын пайдалануусуна ошондой эле, лицензиялоо укутарына мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу) жана жер казынасын мамлкеттик фонду тарабынан бакшаруусун жакшыртуу;

·                   тоо-кен казып чыгаруу өнөр жайын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

·                   геологиялык чалгындоо иштерин жүргзүүгө жана тоо-кен казып чыгаруу өнөр жайына түздөн-түз чет өлөкөлүк жана ата-мекендик инвестиуңцияларды тартуу;

·                   жер казынасын коргоо;

·                   тоо-кен казып чыгаруу өнөр жайын жана геологиялык тамактарды өнүктүрүү үчүн бекитилген тартипте сунуштарды даярдоо.

Геологиялык кызмат  тоо-кен казып чыгаруучу өнөр жайга жана геологиялык чалгындоо иштерине финансылык каражаттарды жана ата-мекендик ишкенрлердин материалдык ресурстарын жана чет өлкөлүк компанияларды тартуу боюнча активдүү саясатын жүргзүүдө, андан кийин жер казынасын пайдалануу жаатында инвестирлөөгө жакшыртылган шарттарды түзүү максатында мыйзамдык актылардын катарын мыктылоо ишетрин жүргүзөт.

Көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер казынасын изилдөө, пайдалануу жана коргоо жаатында мамилелерди жөнгө салуу укугун ишке ашыруу менен геологиялык кызмат уюмдаштыкта Республикадагы жер кащынасын пайдаланууну лицензиялоо тутумунун иштешин  камсыздайт.

Геологиялык кызматтын тутумунда Пайдалуу казылып алынуучу кендердин камдыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлеккеттик комиссия иштейт (МК). Комиссия ведомстволор аралык орган болуп саналат, ал минералдык-чийки  заттын бардык түрүнө камдыктарды жана кондициондук лимиттерди, ТЭО жана кендерди өздөштүрүү боюнча техникалык долбоорлорду бекитүүнү камсыздайт.

Кыргыз Республикасынын геологиялык кызматында Геологиялык маалыматтар боюнча мамлекеттик фонду иштейт, анда Кыргызстандын аймагында геологиялык түзүлүшү жана минералдык кен байлыктар жөнүндө толук маалыматтар бар. Бул фонд бардык кызыкдар уюмдардын адистеринин иши үчүн ачык.

Кыргызстанда ар түрдүү минералдык ресурстар пайда болгон жерде, геологиялык тармак башкы мамлекеттик өнүктүрүүнү камсыздоочу  стратегиялык негизги катары бааланышы керек. 80 жылдан бери мамлекеттик геологиялык кызматы биздин мамлекетибиздин аймактарын геологиялык изилдөө боюнча жогорку денгээли менен камсыздалган, ар түрдүү пайдалуу казылып алынуучу кендер ачылган жана чалгындалган, анын базсасында өзүнчө тоо-кен казып алуучу ишканалар гана эмес, катар өнөр жай тармактары: түстүү металлургия, алын казып чыгаруу, курулуш индустриясы түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын геологиялык кызматынын бөлүнүштөрү азыркы учурда стабилдүүлүктүн татыктуу деңгээлинде иштеп жатат жана геологиялык маселелерди чечүү үчүн керектүү дараметке ээ, жалпысынан геологиялык тармактын ишкердиги мыктылыктан алыс, ошондуктан, эффективдүү стратегиядасын иштеп чыгуу боюнча талдоолор, изилдөөлөрдүн актуалдуу багыттарын аныктоо, прогрессивдүү методдорду киргизүү жана мындан дагы мыкты тариздерди уюштуруу иштери улантылууда.