Эл аралык карылар күнүнө карата Мамкомиттин төрагасы Эмиль Осмонбетов геология, энергетика жана өнөр жай ардагерлери менен жолугушту. Өз сөзүндө тармактын өнүгүүсүнө кошкон салымы, берген тажрыйба, ак эмгек жана акылмандуулук үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

          "Кыйынчылыктарды кайраттуулук менен жеңип, өмүр бою бактылуу келечек үчүн эмгектенгенсиздер. Сиздердин араныздардан көбү ушул күнгө чейин активдүү болуп иштеп, коомдук уюмдарга катышып, жаштарды тарбиялоого жардам берип келишет. Сиздердин журөгүңүздөр жаштыктын энергиясын сактап калган, ал энергия жакын адамдарды жылытат жана колдойт. Сиздер – салттарды эң мыкты сактоочусуздарсыз, партиотизмдин, эмгеке берилгентиктин, эрдиктин жана ар-намыстын татыктуу үлгүсү болосуздар.
Биздин жалпы карызыбыз – бул тынч карылык жана кепилденген социалдык коргоо менен камсыздоо, бир гана майрам күнү эмес, күндө өзүңүздөрдү тынч жана ишеничтүү сезүү үчүн" деди комитеттин башчысы.

     Жолугушуу чай үстүндө жыйынтыкталды.