Мамкомитеттин төрагасы Бишкек ш.ЖЭБне барды.

      Энергообъекттердин 2018-2019 күз кыш мезгилине даярдыгын текшерүү максатында КР Өнөр жай, энергеика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин  төрагасы Эмиль Осмонбетов Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна барды.

     Төрага жаңы монтаждалган цехти (ХВО), турбина жана буу казан цехтеринин айнектелүүсүнө,  даярдалган отунга, жана жалпысынан ЖЭБтин алып бара жаткан ишине көңүл бөлдү.

      Жыйынтыгында Мамкомитеттин башчысы аткарылып жаткан иштерди тездетип, графиктен калбай, жана жаңы технологиялык процесстерге кызматкерлерди сапаттуу окутууга чакырды.