«Евразия жумасы» 3-Эл аралык форуму болуп өтөт.

        

2018-жылдын 22-октябрынан 24-октябрына чеийн Ереван ш. (Армения Республикасы) «Евразия жумасы» 3-Эл аралык форуму болуп өтөт.

         «Евразия жумасы» - Евразиялык экономикалык бирименин мейкиндигинде (ЕАЭБ) эң ири эл аралык ишкер форуму.

         Бул иш- чара Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан өткөрүлөт жан аЕАЭБ  мейкиндигинде эң ири эл аралык ишкер форуму болуп саналат. Форум интеграцияны бекемдөө, экономикалык дараметтин өркүндөтүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүмдүк кооперациясын кеңейтүүгө багытталган.

Форумдун аянты түз B2B контактарынын тармактарын өнүктүрүүгө жана атаандаштыкка туруктуу жана экспорттук алгачкы өндүрүмдөр үчүн мүмкүнчүлүктүү керектөөчүлөр катары үчүнчү өлөклөрдүн компанияларын жана инвесторлорду тартуу милдетин аткарат.

«Евразия жумасы 2018» негизги максаты – бул субконтракцияларды жөндөө, евразиялык мейкиндиктеги кооперациялык тармактарды бекемдөө жана сооданы үчүнчү өлкөлөр менен өбөлгөлөө.

         Евразия жумасынын негизги иш-чарасы болуп алты алгачкы тармактардан турган ЕАЭБ кооперациялык жана экспорттук дараметин көрсөткөн Биримдик өлкөлүнүн компанияларынын көргөзмөлөрү саналат:

         -  органикалык айыл чарба;

         - жогорку технологиялык жеңил өнөр жайы;

         - курулуш материалдарын чыгаруу;

         - фармацевтика жана медициналык жабдуулар;

         - өнөр жай үчүн технологиялар (IT, инженерия, курчоо ж.б. кошуп);

         - зергер тармагы.

         Форумдун расмий сайты:http://eurasianweek.com/

         Байланыш боюнча: Протокол жана уюштурууну камсыздоо департаментинин Пресс-кызмат бөлүмүнүн начальниги Марина Викторовна Шкурлатова, тел. 7 (495) 669-24-64, электрондук почта: shkurlatova@eecommission.org.

         Аталган иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казыгасын пайдалануу мамлекеттик комитетине маалымадоосун суранабызтел./ф. 90 40 40 (1077, 1061).