2018-жылдын 25-сентябрында Ош областынын Кара-суу районуна караштуу Андижан айылында Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри З.М. Аскаров, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А. Орозбеков, Ош областындагы Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлү У. Жылкыбаев, Инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча агенттиктин директору Адилбек уулу Шумкарбектин катышуусунда “Артель” брендиндеги жарым автоматоматтык кир жуугуч машиналарды чыгаруу боюнча заводдун расмий ачылышы болуп өткөн.

Инвестициялардын көлөмү 1 млн. АКШ долл. түзгөн. Бүгүнкү күндө заводдо 60 жаңы жумуш орун түзүлгөн. Чыгарылган өндүрүмдүн саны жылына 50 миң бирдикти түзөт.

Бул завод 2017-жылы Ташкент ш. өткөрүлгөн "Узбекистан-Кыргызстан" бизнес форумунда «Artel»; брендиндеги кир жуугуч машиналарды кураштыруу боюнча бириккен ишкердик уюм жөнүндө макулдашууга кол коюунун алкагында ачылган, өзбек тараптан AKFA ири жеке холдинги, ушуга  Кыргыз Респаубликасында белгилүү «ARTEL» таандык.

Ошондой эле, ушул долбоордун алкагында мындан ары Кыргызстанда кир жуугуч машиналарды чыгарууну локализациялоо маселеси иштелип чыгарылып жатканын белгилейбиз.