Базар-Коргон районуна караштуу Жаз-Кечүү айылы электр энергия менен камсыз болгон эмес. Анткени аталган айылга бара турган жол жок болгондуктан, айыл эли ушул кезге чейин электр жарыгы жок жашап келишет. Райондун борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан. Бул айылда 101 түтүн 500гө жакын эл жашайт. Ал эми ушул айылдын четинде 36 түтүн отурукташкан, алар Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө карайт. Жалпысынан 137 түтүн электр энергияга муктаж. Элет элинин жашоо-шарты жана электр жарыгы менен камсыз кылуу максатында КРнын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков,“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” электр энергиясын бөлүштүрүү жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Рустам Садыков, “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун башкы деректири Кеңешбек  Маматканов жана тиешелүү бийлик өкүлдөрү барып, маселени жеринен көрүп келишти.              Жыйынтыгында Жаз-Кечүү айылына бара турган жолду жана айылдын калкын электр энергиясы менен камсыздоо боюнча сметалык чыгымдарды аныктап, долбоор түзүү чечими кабыл алынды. Түзүлгөн долбоор башталганга чейин айылга күн батарейкасы аркылуу электр жарыгын берүү  тапшырмасын иштеп чыгуу коюлду.