Мамкомитет «Жер казынасына тиешелүү ченемдик укуктар актылары» камтылган мобилдик тиркеме иштеп чыкты.

       Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жергиликтүү эл, жергиликтүү бийлик жана жер казынасын иштетүүчүлөрдүн ыңгайлуулугуга «Жер казынасына тиешелүү ченемдик укуктар актылары» камтылган мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Тиркемеде Кодекстер,  мыйзамдар, Өкмөттүн буйруктры камтылган.

      1 мб жетпеген тиркемени жүктөп алгандан кийин, ачуу үчүн интернеттин зарылчылыгы жок.

      Аталган тиркеме өзгөрүүлөргө  карата жаңыртылып турат.

         www.gkpen.kg сайтынан тиркемени жүктөп алса болот.