Көмүр сатып алууга убакыт келди!

 

КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети  жана «Кыргызкомур» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандыктарды суук түшө элек мезгилде акча каражат менен убакытты үнөмдөө максатында көмүр сатып алууга чакырат! 

Бүгүнкү күнү көмүрдү түндүк региондордо сатып жаткан ишканалар:  «Кыргызкомур» МИ ,  «Шарбон» ЖАК ,  «Берекет» ЖАК, 1 тонна баасы 1200 -1300 сомго чейин.

Түштүк региондордо:  ОсОО «Беш-Арча», ОсОО «Перити Коал», ОсОО «Кызыл Булак»,  ААК «Сулукту шахта курулуш», ОсОО «Нур», ОсОО «Тегене» 1 тонна баасы 3500-4500 сом. 

Аталаган ишканалардын кенинен Бишкек шаарына алып келүү баасы 1300-1800 сомго чейин, кыш мезгилинде болсо 2000-2500 сомго чейин көтөрүлөт. Андан тышкары көмүр кендеринде, сатып алуучулардын  арасында ажиотаж көтөрүлөт, ошол үчүн азыркы учурда көмүр сатып алууга эң ыңгайлуу мезгил.