Комитетте өнөр жайды өнүктүрүү проекти көрсөтүлдү.

2018-жылдын 29-авгусутунда Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде ЮНИДО өнөр жайын өнүктүрүү боюнча Улуттар Бириккен Уюмдун жардамы менен Тегерек стол өткөн, анда 2019-2024-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү стратегиялык долбоору жөнүндө болгон.

Ушул иш чараны өткөрүүнүн максаты эксперттик коомдоштуктун, бизнестин жана маморгандардын тарабынан айтылган сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен Стратегиялык долбоорун талкуулоо жана толук иштеп чыгуу болуп саналат.

Өнөр жайды келе жаткан жылдарда өнүктүрүү макроэкономикалык туруктуулукка, инветицияларды максималдуу тартууга, илимий жетикешкендике, билимдин жана квалификациянын деңгээлин көтөрүүгө, заманбап инфратүзүмгө ошондой эле, жергилектүү чийки зат ресурстарын терең иштетүү менен региодордогу өнөр жайларды өнүктүрүүгө негиделиши каралууда. Стратегиялык долбоор кошумча жумуш орундарын, атаанташтыка туруктуулаган күчөтүү жана өнөр жай ишканалардын экспорттук дараметин түзүү иаксатында иштелип чыккан.

Тегерек столдун биринчи бөлүгүндө республиканын эл аралык жана улуттук эксперттери, бизнес ассоциациялардын жана ишканалардын жетекчилери катшты. Экинчи бөлүгүндө долбоорду талкуулоо Стратегиялык долбоорду иштеп чыгуунун жүрүшүн байкоо боюнча Башкарма комитеттин катышуусунда болуп өттү, анын төрагасы Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри.

2019-2024-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы өнүктүрүү негизги болжолдоочу аспекттерди камтыйт жана өнөр жай секторунда реформа жүргүзүүгө багытталган.

Мындан мурун Стартегиялык долбоорун иштеп чыгуу алкагында региондордогу жана Бишкек ш. мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ишкерлери менен катар иш чаралар өткөрүлгөн. Стартегиялык долбоорун иштеп чыгаруу процессинде үзгүлтүксүздүн негизинде социалдык-активдүү ишкерлердин, бизнес ассоциациялардын жетекчиленин жана экперттердин, эконмиканын ар түрдүү тармактарында ишкедик ишин жүргүзүүчүлөрдүн ортосунда сурамжылоолор өткөрлөгөн.