КР менен РФ аскердик-техникалык кызматташуусу өнүгүүдө.

          Мамкомитетте Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын 13-чү биргиликтеги аскердик-техникалык кызматташуу   комиссиясы болуп өттү.

          Комиссиянын жыйынтыгында протоколго кол коюлду, аталган иш кагаз ата-мекендик аскер-өнөр жай ишканаларынын ишин өнүктүрүп, экспортту көбөйтүп жана жаңы жумуш орундарды көбөйтүүгө жардам берет.

          Андан тышкары, интеллектуалдык ишке эки тараптык укуктарды коргоого карата  КР менен РФ Өкмөттөрүнүн келишимин ишке ашыруу боюнча документине кол коюлду.