Ош жана Баткен облустунун 2018-2019 жылдын күз кышына даярдык.

Бюджеттик мекемелердин күз кышка дярдыгын текшерүү үчүн мамкомитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев, ведомствонун кызматкерлери, Мамэкотехинспекция, Улуттук энергохолдинг жана жергиликтүү бийлик кирген жумушчу топ Баткен жана Ош областын бир жуманын ичинде кыдырып келишти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүнкү отрумда каралып, буйруктар жана эскертүүлөр айтылды:    

Араван району боюнча:

-  № 10 мектеп  - жылытуучу буу казандар даярдалган эмес, электр зымдар ачык, өрт өчүрүүчү щит толук эмес.

- Араван райондук ооруканасы- территориядан күл алынган эмес, электроэнергия щити нормага дал келбейт, өрт өчүрүүчү щит толук эмес;

- №3 Ош жылуулук буу казан жайында - айнек терезе салыш керек, көмүр сактоочу жай каралган эмес.

 Ноокат району

- Камбараалы Бебулов атындагы мектеп -  буу казан жайында вытяжка каралган эмес, кошумча насос жок;

- Абурайхан Беруний атындагы мектеп - вытяжка каралган эмес, айнек терезе салыш керек;

- Р. Хожамова атындагы мектеп (Гулистан а/о)- буу казан жайында  гана буу казан бар;

 

Алай району:

-Б. Адамбаева атындагы мектеп  № 6 (Жылуу-Суу) - буу казан территориясын жыйноо керек;

 

- Алай райондукоорукана буу казандар даяр эмес;

 Кара-Кулжа району

-         Саип Кокоев атындагы бала бакча- буу казан жайын жылуулоо керек;

-         Райондукоорукана- №1 буу казанында щиттин рубилниги иштебейт, кабелди жаңыртыш керек, буу казанынын трубасынан суу агат ж.б.

Өзгөн району

- Касымаалы Жантошев атындагы мектеп- электр щити нормага дал келбейт;

- № 4 мектеп -  буу казандарды шашылыш түрдө ылайыка келтириш керек;

 

 Аталган кемчиликтер 2018 жылдын 1 сентябрна чейин жоюлуш керек.