Кыргыз Республикасына КММ жеткирүү жөнүндө маалымат.

          Колдонуудагы индикативдик баланстын алкагында Кыргыз Республикасына жеткирүүгө тийштүү болгон алымсыз ташып келинген мунай өнүмдөрдүн калган көлөмү июль айынын башына карата: бензин – 176,0 миң тонна, дизельдик отун – 64,5 миң тоннаны түзөт.

       Эсептерге ылайык колдонуудагы индикативдик баланстын жогоруда аталган бензиндин калганы 10 айга, б.а. октябрь айына чейин, дизелдик отун болсо август айына чеийн жетет.

         Кыргызстандын Нефтетрейдерлер Ассоцияациясы Мунай базалары боюнча бензиндин калганы 43,0 миң тоннаны, дизелдик отун 41,0 миң тонна түзөт.      

Ошонун ичинде чийки мунайды жеткирүү 2018-жылдын башына карата ишке ашырылган эмес.

         Республикада таза мунай өнүмдөрдүн жок калышын алдын алуу максатында Мамкомитет тарабынан Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги менен 2018-жылга карата төмөндөгү көлөмдө индикативдик баланска өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү боюнча тийиштүү сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө:

- мунай - 150 миң тонна;

- бензин - 470 миң тонна;

- дизелдик отун - 515 миң тонна;

- реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун - 135 миң тонна.

Россия тарабынан КР 2018-жылга карата мунай жана мунай өнүмдөрдү жеткирүү боюнча индикативдик баланска өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү тууралуу берилген сунуштар каралууда.

Мамкомитет тарабына Казахстан Республикасынан мунай өнүмдөрүн жеткирүү боюнча маселелери иштелип чыгууда жана аквтивдүү жумуштар жүргүзүлүүдө.

Ушуга байланшытуу, КР Өкмөтү жана КР Өкмөтүнүн ортосунда КР мунай жана мунай өнүмдөрүн жеткирүү жаатында соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашуу долбоорун талкуулоо боюнча Казахстан делегациясы менен келе жаткан жолугушууда Кыргызстанга төмөндөгү көлөмдө алымсыз жеткирүү жөнүндө меселени талкуулоо сунушталат:

- чийки мунай - 200,0 миң тонна;

- бензин – болжол менен 400,0 – 500,0 миң тоннаКазахстанда азыркы учурда бензиндин артыкчылыгы билинүүдө);

- дизелдик отун –200,0 миң тонна.