Мамкомитеттин төрагасы Түштүктөгү компаниялардын иши менен таанышып келди.

        КР ӨЖЭжЖКПМК Төрагасы Уланбек Рыскулов орун басары Азис Сапаралиев ,КР Өкмөтүнө караштуу МЭТИ башчысынын орун басары  Расул Артыкбаев  жана КР Өкмөтүнө караштуу КТЧКжТЧМА башчысынын орун басары Арсен Рыспеков өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан алтын казуучу компаниялардын ищи менен таанышып келишти.

        ОсОО "Фулд Голд Майнинг",  ОсОО " Эти Бакыр Терексай" жана  ЗАО "Кичи Чаарат" компанияларына баш багышты

        Компанялардын башчыларына баардык жумуш аракеттерди долбоордон сыртка чыкпай аткаруусу , табылган кемчиликтерди эртереек жойуусу дагы эскертилди. ЗАО "Кичи Чаарат" компаниясына фабриканын ачылышына эртереек камдануусу сунушталды. Андан тышкары Мамкомитеттин төрагасы жатакана менен жумуш орундардын шарттары менен таанышты.