Акназар айыл өкмөтүдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

   Бүгүн Бакай-Ата районунун Акназар айыл өкмөтүндө КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, экотехинспекция жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү  жергиликтүү жашоочулардын арасында  түшүндүрүү иштерин жүргүзүшту.  ОсОО "Полюс Голд Кей Джи" компаниясынын аткара турчу иши боюнча маалымат берилди. Тактап айтканда, аталган компания геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия алган, андан тышкары бир нече күн мурун алтын казып чыгууга дагы лицензия алган, азыркы учурда техникалык долбоор жазылууда.

     Ага чейин жергиликтуу жашоочулар ичкен сууга цианид кошулуусун коркунучун билдирген.

    Белигилеп кетсек, чачылма алтынды иштетүүдө цианид же химиялык элементтер кошулбайт.

   Чогулушууда 300дөй киши катышты. Жакынкы айылдарда дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, маалымат жеткирүү иштери бүткөнгө чейин компания ишин токтоткон.