Мамкомитеттин төрагасы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын куттуктады.

       Мамкомитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов шефке алынган Военно-Антоновкалык балдар үйүнө барып, тарбиялануучуларды Эл аралык балдардын укугун коргоо күнү менен куттуктады. Куттуктоо сөзүндө төрага, геология кружогунун ачылышын пландап жатканын  билдирип, "Мен геологмун кесибим боюнча, силер дагы өз туура жолуңарды таап кетиңерди , бактылуу болушуңарды тилейм, жүзүңөрдөн күлкү кетпесин, биз болсо силерге ар дайм жардам  берүүгө  даярбыз, уялбастан кайрылып туруңуздар", деди.

     Балдардын калоосу менен балдар үйүнө заманбап интерактивдүү доска белеке берилди. Андан тышары, Комитеттин кызматкерлери балдарга таттууларды жана белектерди тапшырышты.