Кыргызстанга мунайзаттарын киргизүүгө карата жеңилдиктер түзүлмөкчү.

 

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөттөрү Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралу Протоколуна кол коюлду.        Аталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасы тарабына мунай жана мунайзаттарды ташуучуларга карата Россия Федерациясынын Бажы органдары тарабынан товарларга бажылык убактылуу мезгилдик декларациялоо жол-жобосун колдонуусун жокко чыгарат.

Бул өзгөртүүлөр бажы жол-жоболорун жеңилдетүү жана Кыргыз Республикасы тарабына бүткүл мунай жана мунайзаттарды ташуучуларына тең шарттарды түзүүгө багытталган.

Макулдашуунун жоболору, аталган Протокол менен киргизилген, өзгөртүүлөрүн эске алуу менен убактылуу 2018-жылынын 29-майынын баштап колдонулат.

Белгилей кетсек, 2016-жылынын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү менен түзүлгөн Макулдашуунун алкагында, Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына ташылуучу мунай жана мунайзаттарына карата ташып чыгаруучу бажы алымын колдонбостон ашырылат.