Газ түтүктөрү курулуучу жер участоктор убактылуу пайдаланууга гана берилет.

    Акыркы күндөрү массалык маалымат каражат булактарында талкууга тушкөн "Кыргызстан-Кытай" газ түтүктөрүн куруу жана эксплуатациялоо макулдашууга  карата Мамкомитет билдирет:

   2013 жылдын 11 сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Элдик Республикасынын Өкмөтү "Кыргызстан-Кытай" жер түтүгү боюнча макулдашууга кол коюшкан.

     Ошондо, Кыргызстан -Кытай бутагы 100% жеке чет элдик каражатка курулат, 4 бутактуу "D"  газ түтүк Борбор Азия -Кытай  (маршрут Түркменистан-Өзбекистан-Таджикистан-Кыргызстан-КЭР), долбоордук кубаттулугу 30 млрд.м3 бир жылына, түтүктүн диаметри  1219 мм , иш басымы 12 mPa. Долбоорду ишке ашыруу убакты -3 жыл, пайдалануу убакты - 35 жыл. Кыргызстандагы узундугу -215 км.

    Белгилеп кетсек, жер участоктор Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык убактылуу гана пайдаланууга берилет, жеке менчике чет элдик компанияга берүүгө мыйзам жол бербейт!

    Жер участоктор 35 жыл аралыгына убактылуу пайдаланууга берилип, газ түтүкчө гана чет элдик компанияга таандык болот.

    Газ түтүкчө жер астында курулуп Алай жана Чон-Алай райондорун бөлбөйт.

     Газ түтүкчөнүн кооптугун тиешелуу мамлекеттик органдар жана Кыргызстандын  жеке уюмдары камсыздайт.

     Кыргыз Республикасынын ички саясатына ылайык куруу иштерин жүргүзгөнгө жана эксплуатациялоого  80% кыргыз жарандары жумушка алынат.