Мамкомитетин төрагасы Веналык Энергетика Форумуна катышууда.

  Үстүбүздөгү жылдын 14 майында ЮНИДОнун штаб квартирасында "Өнүгүү үчүн инновацияларды ишке киргизүү" 2018 Веналык Энергетика Форуму болуп өттү. Аталган иш чарага 300дөн ашык киши катышты, алардын ичинде министирлер, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү, эл- аралык уюмдар, жеке сектор, академиялык округ жана энергетика жаатындагы эксперттер бар. Иш чаранын алкагында энергетика системасын трансформациялоо, инновациялык климат технологиялары жана энергиянын калкка жеткиликтүүлүгунө арналган чаралар боюна темалар козголду.

     Кыргызстандын атынан Форумга КР Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекетик Комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов жана КР Жогорку Кеңешини депутаты Экмат Байпакпаев катышууда.

     Форумдун алкагында кыргыз делегациясы ЮНИДОнун генералдык директору Ли Юн менен сүйлөшүү жургүздү. Сүйлөшүүдө Кыргызстандын өнөр-жай тармагын өнүктүрүү боюнча стратегияны иштеп чыгүү темасы көтөрүлдү.

     Андан тышкары, ЮНИДОнун Эннергетика департаментинин башчысы Тарек Эмтаир  менен Энрегетика тармагы боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

  Бүгүн делегаия Австриялык дүйнөлүк саммитке катышат, андан тышкары ЮНИДОнун башкаруучу директору Филипп Шолтес менен жолугушат.

 Форумдун жыйынтыктары жогорку деңгээлдеги Нью-Йорктогу политикалык отурумда көрсөтүлөт.