Мамкомитетте Пол Лоуренс менен жолугушуу өттү.

 Мамкомитетте кен казуу, минералдар, металлдар жана туруктуу өнүктүрүү Өкмөттөр аралык форумдун Катчылыгынын өкүлдөрү Пол Лоуренс, Асель Доолоткелдиева жана Алтынай Сыдыкова менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда, Өкмөттөр аралык форумдун Катчылыгы тарабынан пландалган тоо-кен тармагын жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик саясатты жана бул багыттагы социалдык-экономикалык пайданы оптималдаштыруу чараларын баалоо процесстери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Төраганын орун басары Суйунтбек Аликеев  жолугушуунун жыйынтыгында, Өкмөттөр аралык форумдун Катчылыгына үзүрлүү иш каалады. Андан тышкары ушул изилдөөнүн жыйынтыгында, тоо-кен тармагын жөнгө салуууну натыйжалаштырууга көмөк көрсөтүшүнө үмүтү бар экендигин билдирди.