Ушул жылдын 16-март айында 81 жашында, Кыргыз Республикасынын геологторунун аксакалы Исаев Бексултан Исаевич көз жумду.

Исаев Бексултан Исаевич 1937-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Корумду айылында туулган.

1967-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун аяктагандан кийин, ал өз эмгек таржымалын Казакстан ССР нин Семипалатинск облусунун Жарма районунда геологиялык чалгындоо партиясынын геологу болуп баштаган.

1970-жылы ал Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясына которулуп Бешекин ГРП, Чонкызылсуй жана Окторкой партиясында геолог болуп иштеген.

Бексултан Исаевич геолог болуп иштегенден тартып кадмий, жез, алтын жана башка металлдарды издөөдө, чалгындоо чоң баа жеткис салымын кошкон.

1984-жылдан тартып 1989-жылга чейинки мезгилде Бексултан Исаевич КМЭГЭИ Кадастрдык бирдиги металлогениялык партиясынын улук геологу жана  1 категориядагы  аэрокосмостук геологиялык бирдигинде эмгек жолун уланткан.

1992-жылдан 1997-жылга чейин, Бексултан Исаевич Каржы министрлигине караштуу пробирдик көзөмөл инспекциясынын баалуу металлдар башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

1997-жылдан 2017-жылдын декабр айына чейин Бексултан Исаевич ГП «КМЭГЭИ» мамлекеттик ишканасынын геологиялык музейинин жетекчиси болуп иштеп келген.    

         Ал өзүнүн эмгек жолунда, СССРдин Геология министрлиги жана Кыргызгеологиясынын көптөгөн ардак баракчалары менен сыйланган.

         Бексултан Исаевич кайсы жерде иштебесин, ар дайым өзүнүн ишин жоопкерчилик жана кесипкөйлүк менен жогорку суроо-талап менен мүнөздөлгөн.

         Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Бексултан Исаевичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу билдирет. Анын жаркын элеси дайыма аны менен бирге иштеген жана аны билген адамдар менен болот.

 

40 күндүгү 21-апрелде Ысык-Көл облусунун Корумду айылында өтөт.