Мамкомитет кум-шагыл аралашмасын сайлардан иштеп чыгууга берилген лицензиялардытоктотту.  

   КР Премьер-министиринин  Чуй облустун өнүктүрүү программасынын алкагында, көйгөй жараткан маселелерди чечүү буйругуна ылайык  Мамкомитет,  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы жана Экотехинспекциядан турган ведомстволораралык жумушчу топ түзүлгөн.

   Жумушчу топ Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустурундагы: Исфайрам Сай, Ак-Суу, Лейлек, Сох, Исфара, Талдык, Куршаб, Кара-Дарья  жана Кугарт дарыяларында ишин алып барган лицензиаттардын ишин текшерип протокол түздү.

  Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бир нече участоктордо бузуулар катталды. Алардын себеби, жергиликтүү тургундар аталган сайларда мыйзамсыз казууларды аткарып, калган кум-шагыл аралашмасын сайга төккөнү.

   Белигилеп кетсек, сайларда ишин алып барган компаниялардын лицензиялары 3 айга токтотулду.  

Азыркы учурда лицензиаттар сайлардан суунун чыгып кетпөөсүнө карата план түзүп иш алып бара жатышат.