"Газпром-келечектин кесиптери" акциясы өттү.

   Бишкекете эки күндүк "Газпром-келечектин кесиптери" атту акция өттү. Акцияны Мамкомитет менен коомдук фонд " Единство" уюштурду. КР Билим берүү министирлиги дагы өзүнүн колдоосун көрсөттү. Аталган иш чара абитуриенттерди "Академия Газпром Кыргызстан" стипендиялык окууга тапшырууга үгүттөлгөн, тактап айтканда кыргыз жарандары Россия Федерациясындагы алдынкы окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгу, андан соң тоо кен сектору, «Газпром Кыргызстан», «РосАтом», «РосНефть», «Ростех», «Кумтор», «НЭСК», «ТНК «Дастан», «Электрические станции» жана башка компанияларгага жумушка кирүү каралган.

   Иш чарада Россиянын алдынкы окуу жайларынын өкүлдөрү ЖОЖдор менен таанышыштырышты.

  • Томский политехнический университет;
  • Иркутский технический университет;
  • Тюменский индустриальный университет;
  • Дальневосточный государственный университет путей сообщения;
  • Костромская государственная сельскохозяйственная академия.

Акция "Сейтек" балдар борборунда өттү. Иш чараны КР Билим берүү министиринин орун басары Кудайберди Кожобеков менен Мамкомитеттин төрагасынын орун басары Суйунтбек Аликеев ачты.