Мамкомитет Борбор Азиядагы биринчилерден болуп  детонаторлорду кураштыруу боюнча заводу ачылганын маалымдайт.Салтанаттуу ачылышка Мамкомитеттин төрагасынын орун басары Суйунтбек Аликев, ОсОО "Кас Импульс" заводунун башкы директору Нурия Табышова, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жер казынасын пайдалануучу ишканалардын өкүлдөрү, жана башка чакырылган  коноктор  катышты.

Бул ишкананын ишке киргизүү 2017-жылдын август айында башталганын белгилейбиз.  “Кас Импульс” ЖЧК КР  жана КУР биргелешкен өндүрүшү болуп саналат, негизги ишкердиги болуп электрондук детонаторлорду куроо жана аны өлкөнүн ичинде ошондой эле, жакын жана алыс чет өлөклөрдө ишке ашыруу саналат. Куроодо КУР Мамлкеттик аскердик заводунун жаңы технологияларын колдонушат (Фушинь, Ляонин падышалыгы). Мындай өндүрүштүк окшоштор Орто Азияда жок. Инвестициялык салымдын көлөмү 1 млн.АКШ долларын түзгөн. Долбоордук кубаттуулугу жылына 2 млн. даана түзөт.

Бул ишкана Чүй областынын Ыссык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын аймагында турак конуштардан жана магистралдык жолдордон  алыс  жайгашкан. Аймактын кооптуу чөлкөмүндө имараттар жана курулмалар жайгашкан эмес.