Мамкомитеттин төрагасы Туркиянын Элчиси менен жолугушту.

 

     КР ӨЭЖП МКнин Төрагасы Уланбек Рыскулов Туркиянын атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Женгиз Камил Фырат менен Мамкомитеттен иштиктүү жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алкагында актуалдуу кыргыз-түрк мамилелери боюнча суйлөшүүлөр  өттү.

     Мамкомитетин төрагасы өнөр-жай, тоо кендин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, энергетика, жана текстил-тигүү тармактары боюнча айтып берди.

" Туркия ЮНИДОнун өнөктөшү болгон үчүн сиздердин өлкөңүздөрдө өнөр-жай парктары ачылган, биз дагы ушул багытта кызматташууга кызыктарбыз. Андан тышкары түрк инвестицияларын тоо кен, өнөр- жай энергетика  тармагына тартууга даярбыз. Мисалы, иштебей калган ишканалардын базасында жаңы ишкана ачуу сунуштабыз. Айтып кетсек,  даяр инфраструктуралар бар үчүн, электр тогунтүрүүчү жана жандыруучу прибор, кабель, электрондук эсептегичтерди чыгарсак болот", деди.

  Туркиянын Элчиси болсо бул багытта бизнес-форум өткөрүү сунушун киргизди. Буга кошумча, жайында 5 өлкө катышуучу "Турк Кеңеши" иш чарасы өткөзүлөрүн жана Кыргызстан дагы чакырылганын кошумчалады.

    Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн өкүлдөрү эки жактуу, жемиштүү кызматташууга даяр экендерин айтышты.