Ички жана улуттук кадрлар резервинде турган жактар үчүн конкурс

Ички жана улуттук кадрлар резервинде турган жактар үчүн конкурс

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобосунун 4-бөлүмүнө ылайык буйрук кылам:

1.Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ички кадрлар резервинде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын улуттук кадрлар резервинде турган жактар үчүн төмөнкү административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс өткөрүлсүн:

  • Адам ресурстарын башкаруу секторунун башкы адиси – 1 бирдик;
  • Отун ресурстары жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 бирдик;
  • Эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн адиси – 1 бирдик.

2.Адам ресурстарын башкаруу сектору Мамкомитеттин ички кадрлар резервинде турган жактарга маалымдасын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына ички жана улуттук кадрлар резервинде турган жактар үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты жеткирсин.

3.Мамкомитеттин конкурстук комиссиясы конкурсту белгиленген тартипте жана мөөнөттө өткөрсүн.