Айбек: кум, шагал казып алуу үчүн карьер ачууга

Name: Айбек
Email
Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Phone: 0
Message: кум, шагал казып алуу үчүн карьер ачууга айыл өкмөтү эмне документтер менен кайсы жака кайрылыш керек? 

                               Урматтуу Айбек мырза!

 

           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтомунун негизиндеги “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө” жобосунун 4-пунктуна ылайык кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу үчүн күбөлүк берүү жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жүргүзүлөт.

             Ал эми, ушул эле жобонуну 8-пунктуна ылайык Күбөлүк алуу үчүн арыз берүүчү жергиликтүү мамлекеттик администрацияна төмөнкү документтерди берүүсү зарыл:

- жайгашкан жерин жана координаттык тик бурчтуу системасында (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) анын бурчтук чекиттеринин координаттары менен жер тилкесинин өлчөмүн көрсөткөн арыз;

- жеке ишкерлер үчүн паспорттун көчүрмөсү;

- юридикалык жакты жана (же) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- өндүрүүнүн, көлөмүн көрсөтүү менен арыз ээси бекиткен иштердин программасы;

- салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жөнүндө жана салык органында салыктар жана жыйымдар боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында камсыздандыруу төлөмүн төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;

         Эгерде, жер тилкесин дарыялардын жана башка суулардын нуктарында же жээктеринде тапкан учурда, өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун арыз ээси кошумча берүүсү керек.

          Эгерде, чек ара тилкесинин чектеринде жер тилкеси табылган учурда, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын макулдугун арыз ээси кошумча берүүсү керек.

 

 

Резолюция I-го телекоммуникационного форума «Цифровой Кыргызстан: развитие связи в регионах»

Подробно...